AUCA the best 2

2024-04-30

Жаңылыктар

Акжол Махмудов Азия оюндарында алтын утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Азия оюндарында алтын медаль утту.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны ирандык спортчу Амин Кавиянинежад менен кез келип, акыркы аракети менен 1:1 эсебинде жеңип кетти.

Азия оюндарына кыргызстандык спортчу 4/1 финалдан тарта 77 кг салмак ченинде катышты..

Акжол Махмудов алгачкы атаандашы камбоджиялык Софака Кени 33 секунданын ичинде далысын жерге басып, 4:0 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда кыргыз балбаны казакстандык спортчу Азат Сыдыков менен беттешип, бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен 9:0 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Белгилей кетсек, буга чейин Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону аталган.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Акжол Махмудов эки жолку Дүйнө чемпиону, Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси.