AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова эртең Баткен эли менен жоолугат

Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 11-12-декабрь күндөрү Баткен облусунда болот. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Айсулуу Тыныбекова Баткен облусунунун башчысы Абдикарим Алимбаев менен, ошондой эле Лейлек районунун Максат айылындагы мектеп окуучулары менен жолугат.

Ак-Сай айылында жаш балбандар үчүн чеберчилик сабагын өткөрүү пландалууда. Мындан сырткары Баткен шаарынын жаш спортчулары жана тургундары менен чоң жолугушуу өткөрүлүп, Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебине барат.

Белгилей кетсек, быйыл 28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тараптын видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуусу менен башталган чыр, 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланган.

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болгон. 200гө жакын адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган.

Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону айтылган.

Буга байланыштуу кыргыз бийлиги Тажикстан тарапты айыптаган эмес. Ал эми юрист Сания Токтогазиева Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылып, тажик бийлигинин аракеттерин иликтөөнү өтүнгөн.

Сентябрь айында курман болгон 36 адамдын жакындарына жаңы үйлөрдүн ачкычы тапшырылган эле.