AUCA the best 2

2024-11-21

Жаңылыктар

Дзюдо боюнча кыздар курама командасы өспүрүмдөр арасында Азия Кубогуна катышат

Дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын кыздар курама командасынынын мүчөлөрү 14-16-май күндөрү Алматы шаарында (Казакстан) өтө турган өспүрүмдөр арасында Азия Кубогуна катышат.  

Толугу менен...

Улуу жеңишке 76 жыл

Бүткүл Кыргызстан бүгүн Улуу жеңиш күнүн белгилөөдө. 9-май - Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү болуп саналган Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөн күнү. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 22-июнда башталып, 1945-жылдын 9-майында СССР жеңишке жеткен. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында тутанып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.

Толугу менен...

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси кызматтан кетти

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шамканов ээлеген кызматынан кетти.

Толугу менен...

Дмитрий Бивол WBA боюнча дүйнө титулун коргоду

Дмитрий Бивол WBA версиясы боюнча британиялык Крейг Ричардсты жеңип алды. 79,38 килограммга чейинки салмак категориясындагы күрөш калыстардын чечими менен Биволдун жеңиши менен аяктаган.

Толугу менен...

Спорттук күрөш боюнча лицензиялык дүйнө мелдешине катыша турчу спортчулардын тизмеси

 
Спорттук күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы 6-9-май күндөрү София шаарында (Болгария) өтө турган лицензиялык дүйнө мелдешине катышат. 

Толугу менен...

Самбо жана күрөш боюнча мелдеш Ош шаарында бөлүп өттү

22-апрелде Ош шаарында 2010-жылдын апрель жана июнь айларында курман болгондордун жаркын элесине арналган ИИМдин кызматкерлери арасындагы күрөш жана спорттук самбо боюнча чемпионат аяктады.

Толугу менен...

Эмил Молдодосов Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 7-орунду ээледи

Кыргызстандык спортчу Эмил Молдодосов Ташкентте (Өзбекстан) өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында 7-орунду ээледи. Ал 21-апрелде 89 кг салмак категориясындагы (В тайпасы) мелдеште чыгып, анда жалпы эки спортчу аныкталды.

Толугу менен...

Кыргызстандыктар сууда сүзүү боюнча Казакстандын чемпионатында 11 медалга ээ болду

 Кыргызстандын спортчулары Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 11 медалга ээ болушту. 13-17-апрелде Актөбө шаарында Казакстандын ачык чемпионаты болуп өттү.

Толугу менен...

Жантөрө Ташиев жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалды жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Жантөрө Ташиев Польшада өткөн бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалды жеңип алды. Ал 64 кг салмак категориясындагы мелдешке катышып, 1/16 финалдан баштаган.

Толугу менен...

Радион Хрипченко рейтингдик Дүйнө Кубогуна катышат

Заманбап спорттун беш түрү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Радион Хрипченко 7-11-апрель күндөрү (1-этап) жана 15-18-апрель күндөрү (2-этап) София шаарында (Болгария) өтө турган рейтингдик Дүйнө Кубогуна катышат.

Толугу менен...

Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Кыргызстандын дзюдо академиясынын ачылышына катышты

9-апрелде, Бишкек шаарында Кыргызстандын дзюдо академиясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер, Азия дзюдо союзунун президенти Обейд Аль Анзи, Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов жана Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов катышты.

Толугу менен...

Балбан Эрназар Акматалиев Алматы шаарында өткөн лицензиялык турнирде жеңишке жетти

Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Казакстанда өткөн лицензиялык турнирде Олимпиада оюндарына жолдомо алды. 6-9 апрель күндөрү Алматы шаарында эркин күрөш боюнча квалификациялык турнир өтүп жатат. Акматалиев эркин күрөш боюнча мелдешке 65 кг салмакка чейин катышты.

Толугу менен...

Жалал-Абад облусунун башчысынын кичи футбол боюнча өтмө кубогу болуп өттү.

Жер-жерлерде спортту өнүктүрүү максатында Жалал-Абад облусунда башсычсынын кичи футбол боюнча өтмө кубогу болуп өттү. Мелдештин жыйынтыгында ар бир командага акчалай жана кубок медалдар ыйгарылды.  

Толугу менен...

Кыргызстандык үч спортчу Олимпиада оюдарына лицензия алды

Жоломан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков жана  жана Акжол Махмудов Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына лицензиялык жолдомо алды. 
60 кг салмакта  катышкан Шаршенбеков чейрек финалдагы атаандашы кореялык Ханжаэ Чунг болгон. Таймаш кызуу жүрүп, кыргызстандык балбан 6:2 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга чыккан.

Толугу менен...

Бүгүн Махмудов менен Шаршенбеков Токио олимпиадасына жолдомо үчүн күч сынашат

Бүгүн, 9-апрелде Алматы шаарында (Казакстан) Азия чөлкөмүндөгү Токиодогу (Япония) Олимпиада оюндарына лицензиялык мелдеш башталды. Мелдештин биринчи күнүндө Токиодогу оюндарга грек-рим күрөшү боюнча 12 жолдомо ойнотулат. Килемге Кыргызстандан 5 спортчу чыкты. 

Толугу менен...

АКШ Пекин олимпиадасына бойкот жарыялоо идеясын талкуулоого даяр

АКШ өкмөтү 2022-жылы Бээжиндеги Кышкы Олимпиадага бойкот жарыялоону кароого даяр экендигин белгиледи. «Бул Олимпиадага болгон мамилебиздин бир бөлүгү жана биздин тыянактар ​​дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөр жана союздаштар менен тыгыз кеңешүүнү камтыйт. Албетте, Пекин олимпиадасы биз талкуулай турган тармак », - деди Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайс.

Толугу менен...

Кыргыстан менен Өзбекистандын дзюдо федерацясы кызматашуу жөнүндө Меморандумго кол койду

7-апрелде дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын алкагында Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Өзбекстандын дзюдо федерациясынын президенти Азиз Камилов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Жолдошбек Көлбаев менен Азиз Камилов Кыргызстан менен Өзбекстандын дзюдо федерацияларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Толугу менен...

Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер Бишкекке келди

Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти, дзюдо боюнча 7-дан кара курдун ээси Мариус Визер мырза Бишкекке келди. Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев Мариус Визерди эл аралык «Манас» аэропортунда тосуп алды.
 Белгилей кетсек, Мариус Визер мырза Кыргызстанга дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына, Кыргызстандын дзюдо академиясынын ачылышына катышуу үчүн келди. 
Булак: Sport.gov.kg

Толугу менен...

Азиз Мадаминов бильярд боюнча 2021 Дүйнөлүк Кубогунун жарым финалына чыкты

Кыргыз спортчусу  Азиз Мадаминов 8-марттан 31-майга чейин Москва шаарында өтүүчү "Эркин Пирамида" дисциплинасы боюнча бильярд боюнча 2021-жылдагы Дүйнөлүк Кубокто жарым финалга чыкты. Оруссиянын бильярд спорту федерациясынын маалыматы боюнча, мелдешке Россия, Беларуссия, Кыргызстан, Украина жана Молдовадан келген 8 күчтүү бильярдчы катышууда. Турнирдин байге фонду 1 100 000 рублду түзөт.

Толугу менен...

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик кызматкерлеринин күнү белгиленди

Иш-чарага 6-апрель Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук Филармониясында оорун алды. Ага КРнын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүгүүнү мониторингдөө жана жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев,  КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Жаныбек Жалалов, Маданият министри, КРнын маалымат, спорт жана жаштар саясаты, Кайрат Иманалиев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлкан Молдобекова, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкулов, Жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Дене тарбия жана спорт Канат Шабданбаев, Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери жана өлкөнүн дене тарбия жана спорт кызматкерлери катышты.

Толугу менен...

Азия чемпионаты: Бүгүн 4 кыргызстандык беттешет

Бишкекте өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын алкагында бүгүн, 7-апрелде 4 комплект медалдар ойнотулат. Бул күнү татамиге Кыргызстандын 4 өкүлү чыгат.

Толугу менен...

Кубанычбек Айбек уулу Азия чемпионатынын коло медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу Бишкекте өткөн дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында коло медалга ээ болду. Турнир 6-апрелде башталып, биринчи күнү аялдар жана эркектер арасында 5 комплект медаль ойнотулду.

Толугу менен...

Президент Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерин куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
 
Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Толугу менен...