AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы Азия чемпионатында 4 медаль утту

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында 4 медаль жеңди.

Беттештер 17-18-апрель күндөрү өткөн. Жалпы 10 топтом медаль ойнотулган.

Килем үстүнө Кыргызстандын атынан 10 спортчу чыгып, алардын ичинен төртөө 1 күмүш, 3 коло медаль тагынды.

Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөлөрү ээ болгон орундар:

57 кг салмакка чейин

Анарбек Сыдыкбеков — 12-орун;

61 кг салмакка чейин

Икрам Хажимурадов — 3-орун;

65 кг салмакка чейин

Алибек Осмонов — 7-орун;

70 кг салмакка чейин

Ислам Орозбеков — 3-орун;

74 кг салмакка чейин

Мансур Сыргак уулу — 5-орун;

79 кг салмакка чейин

Саякбай Усупов — 3-орун;

86 кг салмакка чейин

Мирлан Чыныбеков — 9-орун;

92 кг салмакка чейин

Чынгыз Керимкулов — 8-орун;

97 кг салмакка чейин

Чыңгыз Керимкулов — 10-орун;

125 кг салмакка чейин

Айаал Лазарев — 2-орун.