AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Эмил Молдодосов Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 7-орунду ээледи

Кыргызстандык спортчу Эмил Молдодосов Ташкентте (Өзбекстан) өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында 7-орунду ээледи. Ал 21-апрелде 89 кг салмак категориясындагы (В тайпасы) мелдеште чыгып, анда жалпы эки спортчу аныкталды.

Жулкуп көтөрүүдө Молдодосов 155 кг, ал эми түртүп көтөрүүдө 187 кг. Жалпы жыйынтык 342 кг түзүп, ал В тайпасында 1-орунду ээледи. Бул салмакта "А" тайпасында турнир 22-апрелде өттү. 8 спортчу старт алды. Турнирдин жыйынтыгы боюнча А тайпасында Молдодосов  7-орунду ээлеп,  Ирандык Киануш Ростами Азиянын чемпиону болду - 373 кг (167 кг жана 206 кг).