AUCA the best 2

2024-04-23

Жаңылыктар

Самбо жана күрөш боюнча мелдеш Ош шаарында бөлүп өттү

22-апрелде Ош шаарында 2010-жылдын апрель жана июнь айларында курман болгондордун жаркын элесине арналган ИИМдин кызматкерлери арасындагы күрөш жана спорттук самбо боюнча чемпионат аяктады.
 
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка буга чейин аймактардагы тандоодон өткөн   өкүлдөрү катышты. Турнирдин ачылыш аземине Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов, Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Абитов, ошондой эле алардын туугандары катышты.
 
Мелдешке 15 команда катышты:
 
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери,
Талас облусунун ички иштер башкармалыгы,
Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы.