AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Спорттук күрөш боюнча лицензиялык дүйнө мелдешине катыша турчу спортчулардын тизмеси

 
Спорттук күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы 6-9-май күндөрү София шаарында (Болгария) өтө турган лицензиялык дүйнө мелдешине катышат. 
 
6-9-май күндөрү грек-рим күрөшү боюнча курама команда мелдешке катышат:
1. Амантур Исмаилов, ЭДСЧ, 67 кг;
2. Мурат Рамонов, ЭДСЧ 130 кг;
3. Эркимбаев Азат,башкы машыктыруучу;      
4. Карачолоков Улукбек,улук машыктыруучу.
 
4-8-май күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда мелдешке катышат:
1. Алмаз Сманбеков, СЧ, 57 кг;
2. Арсалан Будажапов, ЭДСЧ, 74 кг;
3. Саякбай Усупов, СЧ, 86 кг;
4. Айаал Лазарев, ЭДСЧ,125 кг; 
5. Таабалды уулу Суймонкул, улук машыктыруучу; 
6. Ислам Тазабеков, улук машыктыруучу. 
 
Белгилей кетсек, курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планына ылайык иш сапарга жөнөтүлөт.