AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Балбан Акжол Махмудов трикосун акукционго койду

Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесине ээ болгон Акжол Махмудов мамлекеттен бериле турган сый акыга үй-бүлөсү үчүн турак үй сатып алууну пландап жатат.

Толугу менен...

Борбор Азия чемпионаты: Кыргызстандын курама командасы

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Борбордук зонанын командалары арасындагы Азия чемпионатына катышат. Турнир бүгүн 17-августта Фергана шаарында (Өзбекстан) 4 команданын катышуусунда өтөт. Мелдеш 22-августга чейин уланат.  Кыргызстандын курама командасына 14 оюнчу кирди.

Толугу менен...

Дүйнө чемпиондугунда грепплинг боюнча кыргыз спортчулары эки алтын эки коло медалга ээ болду

12-16 августь  күндөрү Орусиянын Ува шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда кыргыз спортчулары эки алтын эки коло медалга ээ болду.

Толугу менен...

Түркияда өткөн мелдеште Арстанбек Базаркулов эки медаль жеңди

Кыргызстандык Арстанбек Базаркулов 1-2-августта Болу шаарында (Түркия) өткөн пара жеңил атлетика боюнча эл аралык турнирде 2 медаль ( 1 алтын, 1 коло) жеңип алды. Эл аралык турнир Токиодо  өтө турчу Паралимпиада оюндарына  даярдык катары өткөрүлдү.

Толугу менен...

Виталий Гардеев атындагы самбо боюнча Эл аралык мелдеш Ысык-Көл жергесинде болот

Самбо боюнча беш мамлекеттин башын бириктирген Эл аралык мелдеш Ысык-Көл жергесинде орун алат. Турнир Кызыл жылдыз орденинин ээси Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналып, быйыл отуз төртүнчү ирет өтүп жатат.

Толугу менен...

Азербайжанда өткөн грэпплинг боюнча мелдеште кыргызстандык эки спортчу чемпиондук курга ээ болду

Азербайжанда өткөн грэпплинг боюнча мелдеште Кыргызстандын эки спортчусу чемпиондук курларды жеңип алды. 25-июлда Баку шаарында (Азербайжан) WJMMAF (WJF 13) мушташуу уюмунун кезектеги турнири болуп өттү.

Толугу менен...

Санкт-Петербургдан келген таэквондочулар Бишкекте машыгуу жыйындарын өткөрүшүүдө

Дүйнөлүк таэквондо боюнча Санкт-Петербург шаарынын курама командасы Бишкекте окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Команда 5 адамдан турат - 1 машыктыруучу жана 4 спортчу. Россиялык команда Бишкекке 8-июлда келип, 20-июлга чейин болот. Санкт-Петербург шаарынын командасы Бишкекке төртүнчү ирет келди.

Толугу менен...

Хайитхон Хусан кызы Токио Паралимпиада оюндарына боюнча лицензияга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Хайитхон Хусан кызы Токиодо (Япония) өтүүчү Паралимпиада оюндары боюнча лицензияга ээ болду. Кыргызстандык парадзюдо турниринде 57 кг салмакта көзү азиздер арасында күч сынашат.

Толугу менен...

Паралимпиада комитети Кыргызстандагы спорттук долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

 «Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Азия Паралимпиада комитетинин президенти Мажид Абдулла Рашед аль-Усайми кызматташтык маселелерин талкуулады.

Толугу менен...

Токио Олимпиадасындагы: кыргызстандык спортчулардын графиги

32-Жайкы Олимпиада оюндары 2021-жылы Япониянын Токио шаарында өтөт. Учурда Кыргызстандан 18 спортчу Олимпиада оюндарга катышуу укугун жеңип алууга жетишкен. Токиодогу сууда сүзүүчү Денис Петрашов эки аралыкта - 100 жана 200 метр аралыкта брасс ыкмасы менен чуркайт.

Толугу менен...

Валейбол боюнча кыргызстандын курама командасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу үйлөндү

Валейбол боюнча кыргызстандын курама командасынын капитаны «Мыкты оюнчу» номинациясынын ээси Оңолбек Каныбек уулу бойдокчулук менен кош айтышы. Үйлөнүү тою кечээ борбор калаадагы той каналдардын биринде болгон. Маалыматка ылайык келинчеги Кундуз Карыпбекова 29 жашта. Кесиби боюнча дарыгер. 

Толугу менен...

Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн мелдеште кыргыз спортчулары жети медалга ээ болду

24-28-июнь күндөрү Фергана шаарында (Өзбекстан) өткөн Евразия Кубогу-2021 мелдешинде Кыргыз Республикасынын ITF таэквондо федерациясынын спортчулары (президенти - Керимбек Мияров) ийгиликке жетишти.

Толугу менен...

Джиу-джитсу боюнча чемпионат Бишкекте өттү

 26-27-июнь күндөрү  "Динамо" спорт комплексинде 2001-жылы туулган уландар арасында жиу-джитсу боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.

Толугу менен...

Нурсултан Кеңешбеков жана Мусулман Жоломанов Беларусь Республикасынын чемпионатында 4 медаль жеңишти

 Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 24-26-июнь күндөрү Минск шаарында (Беларусь)  өткөн  Беларусь Республикасынын чемпионатында 4 медаль жеңишти. 

Толугу менен...

Баткенге заманбап стадион курулат

Баткен облусуна заманбап сдадион курулат. Бул тууралуу Түркиянын элчиси Ахмед Садык Догандын Баткенге болгон иш сапарында белгилүү болду. Ал эми эскилиги жеткен стадион 1969- жылы пайдаланууга берилип, учурда оюн аянтчасы жараксыз абалда.

Толугу менен...

Өзбекстанда өткөн Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары 18 медаль жеңди

Өзбекстандын Хива шаарында Mas-Wrestling World Cup 2021 Эл аралык турнир болуп өттү. Мелдеш 16-21 июнь күндөрү болуп, ага Кыргызстандын атынан 33 спортчу катышкан. Турнирдин алкагында спорттун таяк тартышуу түрү боюнча болду. Мелдешке жети мамлекеттен келген спортчулар катышкан. Ал эми Кыргызстандын атынан катышкан 33 спортчунун 18и  байгелүү орундарга жетишкен.  85 кг салмакта катышкан Айжан Анарбекова биринчи орунга ээ болсо,  уландар арасында 70 кг салмакта катышкан Элдос Айтбеков алтын медаль тагынды. Мындан сырткары беш спортчу күмүш медалга ээ болсо, ал эми  он бири коло медалга ээ болгон.

Толугу менен...

Владимир Золоев Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды

Дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Владимир Золоев 81 кг салмактык даражада Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды.    

Толугу менен...

Каныкей Кубанычбекова Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия алды

Ок атуу боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова Токиодо өтүүчү ХХХII Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул VP-6 машыгуусундагы ок атуу боюнча бардык эл аралык оффлайн жана онлайн мелдештер аяктагандан кийин белгилүү болду (пневматикалык мылтык 10 метр).

Толугу менен...

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы Казакстандан 7 медаль менен кайтышты

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү «Гусман Косанов мемориалы» салттуу эл аралык мелдешинде 6 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 2 коло) жеңди. Мелдеш 19-20-июнь күндөрү Алматы шаарында (Казакстан) өттү.

Толугу менен...