AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Уфа шаарында өтүп жаткан чемпионатта кыргызстандык спортчу алтын медаль тагынды

Оруссиянын Уфа шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык спортчу Нурсултан Куштарбек уулу алтын медаль тагынды.

Нурсултан каддеттер арасында 63 кг салмак ченинде күч сынашкан. Ал эми юниорлор арасында 58 кг салмак категориясында күч сынашкан Нурсултан Арзыматов коло медалга ээ болду. Чемпионатта грепплинг боюнча  Кыргызстандын атынан жалпы жети спортчу катышкан. Маалыматка ылайык, мелдеште 12 мамлекеттен келген 160 спортчу күч сынашат. Мелдеш 12-августалып, грепплинг боюнча 15-август күнү акыркы беттештер орун алат. Мындан сырткары 16-22 август күндөрү эркин  жана грек-рим күрөшү боюнча беттештер башталат.