AUCA the best 2

2024-04-23

Жаңылыктар

Олимпиада: Атабек Азисбеков — Кыргызстандын курама командасынын капитаны

Балбан Атабек Азисбеков Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарында Кыргызстандын курама командасынын капитаны болот.

Президент Садыр Жапаров А.Азисбековго Кыргызстандын желегин тапшырып, ал аны Олимпиаданын ачылышында көтөрүп чыгат. Ал грек-рим күрөшү боюнча 87 кг чейинки балбандар арасында күч сынамакчы.

Мурунку Олимпиада оюндарында дагы Кыргызстандын курама командасына балбандар капитан болушкан. Бирок ачылышта желекти башка өлкөнүн өкүлдөрү алып чыкчу.

2012-жылы Лондондогу оюндарда дзюдочу Чыңгыз Мамедов, ал эми Риодо 2016-жылы өткөн оюнда боксчу Эркин Адылбек уулу көтөргөн.

Учурда Кыргызстандын Олимпиада оюндарына 18 жолдомосу бар.