AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Президент Жапаров «Дордой» стадионун текшерүүнү токтотууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага «Дордой» футболдук клубунун стадиону боюнча текшерүүнү токтотууну тапшырды.

Президент менен бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусунда Аскар Салымбеков ар бир жаңы маданият министри стадиондун аймагын басып алгысы келерин айтты. «Акыркы 15 жылдан бери текшерүүлөр токтой элек», - деп нааразы болду ал.

Жапаров мындан ары текшерүү болбойт деп убада берди. «Биздин укук коргоо органдары текшерүүнү шылтоолоп акча алганга көнүп алышкан»,- дейт ал.