AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Нурсултан Кеңешбеков жана Мусулман Жоломанов Беларусь Республикасынын чемпионатында 4 медаль жеңишти

 Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 24-26-июнь күндөрү Минск шаарында (Беларусь)  өткөн  Беларусь Республикасынын чемпионатында 4 медаль жеңишти. 
 
Нурсултан Кеңешбеков 5000 метр аралыкта (13.55,77) алтын медаль жана 1500 м аралыкта (3.43,63) коло байгенин ээси болду. Ал эми Мусулман Жоломанов 1500  жана 800 м аралыкта күмүш байгеге ээ болду. 
Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн. 
Булак: sport.gov.kg