AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Азербайжанда өткөн грэпплинг боюнча мелдеште кыргызстандык эки спортчу чемпиондук курга ээ болду

Азербайжанда өткөн грэпплинг боюнча мелдеште Кыргызстандын эки спортчусу чемпиондук курларды жеңип алды. 25-июлда Баку шаарында (Азербайжан) WJMMAF (WJF 13) мушташуу уюмунун кезектеги турнири болуп өттү.

80 килограммга чейинки салмак ченинде кыргызстандык спортчу Алмаз Акун катышып, атаандашы Жавид Амирасланов менен күч сынашкан. Ал эми 84 кг салмакта Бакыт Кадыров да атаандашы азербайжандык Элчин Алиев менен беттешип,  муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетишти. Жыйынтыгында эки спортчу тең чемпиондук курга ээ болгон.