AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Өзбекстанда өткөн Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары 18 медаль жеңди

Өзбекстандын Хива шаарында Mas-Wrestling World Cup 2021 Эл аралык турнир болуп өттү. Мелдеш 16-21 июнь күндөрү болуп, ага Кыргызстандын атынан 33 спортчу катышкан. Турнирдин алкагында спорттун таяк тартышуу түрү боюнча болду. Мелдешке жети мамлекеттен келген спортчулар катышкан. Ал эми Кыргызстандын атынан катышкан 33 спортчунун 18и  байгелүү орундарга жетишкен.  85 кг салмакта катышкан Айжан Анарбекова биринчи орунга ээ болсо,  уландар арасында 70 кг салмакта катышкан Элдос Айтбеков алтын медаль тагынды. Мындан сырткары беш спортчу күмүш медалга ээ болсо, ал эми  он бири коло медалга ээ болгон.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Уландар арасында;
60 кг салмакта:
3 - орун Азамат Асанов
3 - орун Чыңгыз Саматов
2 - орун Жасурбек Жамалидин уулу
65 кг салмакта;
2 - орун Ислам Шербакун уулу
3 - орун Адилет Имашов
3 - орун Токтошев Бекмырза
70 кг салмакта;
1 - орун Элдос Айтбаев
3 - орун Барманов Нургазы
75 кг салмакта:
3 - орун Адилет Аскербеков
80 кг салмакта:
3 - орун Нурат Болотбеков
90 кг салмакта:
3 - орун Эржан Акылбек уулу
105 кг салмакта:
3 - орун Келдибек Атайбек уулу
Кыз-келиндер арасында;
55 кг салмакта:
2 - орун Иманканова Дилбара
65 кг салмакта:
3 - орун Абдыкадырова Эльза
3 - орун Кымбат Нуржанова
75 кг салмакта:
2 - орун Элдана Болотбекова
3 - орун Айгерим Жайлообекова
85 кг салмакта
1 - орун Айжан Анарбекова
85 кг дан жогору салмакта:
2 - орун  Дилдора Рахманова