AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Паралимпиада комитети Кыргызстандагы спорттук долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

 «Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Азия Паралимпиада комитетинин президенти Мажид Абдулла Рашед аль-Усайми кызматташтык маселелерин талкуулады.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Марипов республикада 77 спорт федерациясы, анын ичинде паралимпиадалык комитет жана параспорт федерациялары иштеп жаткандыгын маалымдады. Анын айтымында, кабыл алынган «Спорт Кыргызстан» программасынын алкагында балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорттук мектептерде келечектүү Паралимпиадалык жана Сурдлимпиадалык спорт түрлөрү боюнча топторду ачуу каралган. 2019-жылы спорт мектептеринде ушундай 7 топ, коомдук башталышта 6 топ ачылган.
 
Паралимпиадалык комитеттин президенти Мажид Абдулла Рашед аль-Усейми белгилегендей, уюм Кыргызстандагы паралимпиадалык кыймылды колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган спорттук долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Анын айтымында, долбоорлордун бири Орто Азия өлкөлөрүнүн пара спортчуларынын машыктыруучулары үчүн орус тилинде окутуу программаларын иштеп чыгуу болушу мүмкүн. Марипов эки тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.