AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугунда грепплинг боюнча кыргыз спортчулары эки алтын эки коло медалга ээ болду

12-16 августь  күндөрү Орусиянын Ува шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда кыргыз спортчулары эки алтын эки коло медалга ээ болду.
Эки алтын медалды багындырган Нурсултан Куштарбек уулу 63 кг салмак категориясында күч сынашкан. Ал эми 58 кг салмак категориясында күч сынашкан Нурсултан Арзыматов жана Жылдызбек Абылбеков коло медалга ээ болуп, үчүнчү орунду камсыз кылган. Аталган чемпионатга Кыргызстандын атынан жалпы 7 спортчу катышат. Ал эми  12 мамлекеттен 160 спортчу күч сынашкан.
Аталган дүйнө чемпиондугуна грепплинг спортунан сырткары эркин жана грек-рим күрөшү боюнча да балбандар  Кыргызстандын намысын коргойт. Бүгүн 16-августта эркин күрөшү боюнча мелдеш старт алды. Мелдеш 22-августка чейин уланат.