AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Каныкей Кубанычбекова Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия алды

Ок атуу боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова Токиодо өтүүчү ХХХII Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул VP-6 машыгуусундагы ок атуу боюнча бардык эл аралык оффлайн жана онлайн мелдештер аяктагандан кийин белгилүү болду (пневматикалык мылтык 10 метр).

Бул лицензия төмөнкүдөй эл аралык турнирлерге катышуу үчүн эң көп чогулткан MQS (минималдуу квалификациялык стандарттар) санынан улам алынган. Почиваловду эскерүүгө арналган эл аралык турнир, Казакстан;
Онлайн Эл аралык Чемпионат, Индия;
Онлайн форматтагы Азия чемпионаты, Кувейт;
Габала Гран-При онлайн, Азербайджан.

Рейтингдеги эң жогорку натыйжаны алып, Кубанычбекова  Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомонун ээси болду. Каныкей 2020-жылдагы Кыргызстан Кубогунун ээси, 2021-жылдагы Кыргызстан Кубогунун лидери. 2017-жылы Кыргызстан үчүн Каныкей Интершот эл аралык турниринде (Амстердам, Нидерланды) коло медалга ээ болгон. Ошондой эле, спортчу ок атуу боюнча өспүрүмдөр командасынын башкы машыктыруучусу. Белгилей кетсек, Каныкей Кубанычбекова аталган спорт түрүнөн лицензия алган биринчи спортчу.