AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы Казакстандан 7 медаль менен кайтышты

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү «Гусман Косанов мемориалы» салттуу эл аралык мелдешинде 6 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 2 коло) жеңди. Мелдеш 19-20-июнь күндөрү Алматы шаарында (Казакстан) өттү.
Мелдешке 13 өлкөдөн 200дөн ашык спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандан башкы машыктыруучу Айбек Сыргакбековдун жетекчилиги алдында 12 жеңил атлетчи аталган иш-чарага жөнөтүлгөн.  
Белгилей кетсек, мындан сырткары Гулшаной Сатарова  Алматы марафонуна катышып, 21,1 км аралыкты 1 саат 20 мүнөт 35 секундада чуркап өтүп, жарым марафондун жеңүүчүсү аталды.  
 Жыйынтыктар: 
Алтын – Нурсултан Кенешбеков,  1500 м аралыкта (3:44.31);   
Алтын – Нурсултан Кенешбеков,  5000 м аралыкта (14:48.47);    
Алтын – Мусулман Жоломанов, 800 м аралыкта (1:51.25);   
Күмүш – Гулшаной Сатарова, 1500 м аралыкта (4:36.39);   
Коло –  Самат Казакбаев, 1500 м аралыкта (3:55.87);  
Коло – Бердигул Айтпай уулу, 5000 м аралыкта (15:16.54). 
Булак: sport.gov.kg