AUCA the best 2

2024-04-23

Жаңылыктар

Кыргызстандык Сатарова Алматыдагы мелдеште 1 млн тенге утту

Кыргызстандык Гүлшан Сатарова Алматы шаарында өткөн жарым марафонду жеңди. Мелдеш кечээ, 20-июнда өткөн.

Сатарова кыз-келиндер арасында 21,1 километрди 1 саат 10 мүнөт 35 секундда чуркап өтүп, мелдештин жеңүүчүсү аталды. Ага 1 млн тенге тапшырылды.

Кыз-келиндер арасындагы жарым марафонго Кыргызстандан 4 спортчу катышмак. Бирок Мария Коробицкая Алматыга бара албай калган.