AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Кыргызстандын дагы бир жөө күлүгү Олимпиадага барбайт. Себеби?

Кыргызстандык спортчу Мария Коробицкая Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына катышпайт.

2019-жылы октябрда Коробицкая Нидерланды өлкөсүндө өткөн эл аралык марафондон кийин дүйнөлүк рейтингде жогорку орунду ээлеген жана Олимпиадага жолдомо алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

2020-жылы 6-декабрда Ташкенттеги марафондо Коробицкая алтын медаль жеңген жана жайкы Олимпиадага жолдомо алган.

Кийинчерээк Ташкенттеги марафондун трассасы 1,5 километрге кыска болгону ачыкталган. Ага байланыштуу Дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясы Ташкенттеги эл аралык марафондун жыйынтыктары дүйнөлүк рейтингде эске алынбай турганын жарыялады.

Буга чейин кыргызстандык башка жөө күлүк Юлия Андреева Токиодогу Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты.

«Биз Андрееванын ордуна Коробицкаяны жөнөтүүгө аракет кылдык, бирок бизге уруксат беришкен жок», - деп билдирди КРнын Жеңил атлетика федерациясы.