AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Түркияда өткөн мелдеште Арстанбек Базаркулов эки медаль жеңди

Кыргызстандык Арстанбек Базаркулов 1-2-августта Болу шаарында (Түркия) өткөн пара жеңил атлетика боюнча эл аралык турнирде 2 медаль ( 1 алтын, 1 коло) жеңип алды. Эл аралык турнир Токиодо  өтө турчу Паралимпиада оюндарына  даярдык катары өткөрүлдү.


Арстанбек Базаркулов ядрону түртүүдөн ( 8 м 20 см) алтын медалга, ал эми найза ыргытуу (23 м) боюнча коло медалга ээ болду.
Эскерте кетсек, Арстанек Базаркулов Токиодо өтө турчу XVI Паралимпиада оюндарына биринчи болуп лицензия жеңип алган!
Белгилей кетүүчү жагдай, параспортчу жана башкы машыктыруучусу Алмазбек Абиров Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн!

Булак: sport.gov.kg