AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Балбан Акжол Махмудов трикосун акукционго койду

Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесине ээ болгон Акжол Махмудов мамлекеттен бериле турган сый акыга үй-бүлөсү үчүн турак үй сатып алууну пландап жатат.

Ошондой эле кайрымдуулук иштерди жасоо кыялын ишке ашырып баштай турганын айтып, социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу Токиодо мелдешке кийип чыккан трикону аукционго койгон. Акжолдун күмүш медалы Кыргызстан үчүн Токиодогу Олимпиаданын алгачкы байгеси болду. Ошондой эле эгемендүүлүктөн берки экинчи күмүш байге болуп калды.

Белгилей кетсек, Махмудов Олимпиадада алтын алуу жана муктаждарга жардам берүү анын бала кезден берки кыялы экенин айтып, ишке ашырууга убакыт келгенин белгилеген.

 Ал эми аукцион август айынын аягына чейин (31-август 20:00) улана турганын айтып, бааларды посттун алдына жазса болорун кошумчалаган.
 
Кыргыз өкмөтү Олимпиададан байге алган спортчуларга жана анын устаттарына ири суммада сый акы берилерин убадалаган. Ага ылайык, күмүш медаль тагынган Акжол Махмудовго мамлекет 7 миллион сом берет.