AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Валейбол боюнча кыргызстандын курама командасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу үйлөндү

Валейбол боюнча кыргызстандын курама командасынын капитаны «Мыкты оюнчу» номинациясынын ээси Оңолбек Каныбек уулу бойдокчулук менен кош айтышы. Үйлөнүү тою кечээ борбор калаадагы той каналдардын биринде болгон. Маалыматка ылайык келинчеги Кундуз Карыпбекова 29 жашта. Кесиби боюнча дарыгер. 
Оңолбек Каныбек уулу бир топ сыйлыктардын ээси: Кыргыз республикасынын волейбол федерациясы тарабынан "Мыкты спортчу", "Sports Awards-2015" версиясы боюнча "Мыкты волейболчу" аталып, андан сырткары, Улуттук лиганын чемпиону, Азиянын аймактык чемпиондугунун "Мыкты оюнчусу", Борбордук аймактын тандоо турунун "Мыкты оюнчусу" (2017, 2019), Дүйнө чемпиондугунун II тандоо турунун "Мыкты оюнчусу" (2018) аталган. Ошондой эле Таиланддагы "Эйр Форс" клубунда ойногон.