AUCA the best 2

2024-05-08

Жаңылыктар

Токио Олимпиадасына бара турган бардык спортчулар вируска каршы вакцина алышты

 Олимпиадалык оюндарына бара турган Кыргызстандын курама командасынын бардык мүчөлөрү коронавирус инфекциясына каршы вакцина алышты.
Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады. «Бардык спортчулар эмдөөдөн өттү. Баары жакшы », - деп жазган ал. Учурда Токиодогу Олимпиада оюндарына катышуу укугун Кыргызстандан 18 спортчу жеңип алды.