AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен облусунунда өтүүчү иш-чаралар

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн  30 жылдыгына карата өлкөнүн бардык облустарында спорттук-массалык иш-чаралар өтөт. 
 Баткен облусунун, Баткен районунда волейбол, таяк тартыш жана башка мелдештер өтөт.
 
Исфана шаарында күрөш, кол, күрөш, таяк тартыш боюнча мелдештер болот.
 
Баткен шаарында кичи футбол, таяк тартыш, аркан тартыш, волейбол, күрөш мелдештер мерчемделген.
 Ал эми Кадамжай районунда күрөш, кол күрөш, волейбол боюнча Кыргызстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн чек аралаш райондорунун арасында эл аралык мелдештер болот.
 
Мелдештер 31-августта өтөт!
Булак: sport.gov.kg