AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Отар Бестаев спорттук карьерасын жыйынтыктады

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Отар Бестаев спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады.

29 жаштагы Бестаев — Кыргызстандын чемпиону, ошондой эле 2015-жылы Азия чемпионатынын жана 2017-жылы Ислам тилектештиги оюндарынын коло медалынын ээси.

Бестаев 2010-жылы Россиянын чемпиондугун жеңип, 2014-жылы финалда жеңилип, 2-орунду ээлеген. Бул ага Риодогу Олимпиада оюндарынын алдында Россия курама командасына кирүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.

Андан кийин ал Кыргызстандын курама командасына өтүп, Олимпиада оюндарына жолдомо утуп, 1/8 финалга чейин жеткен.