2022-05-17
Жаңылыктар
Бишкекте ок атуу боюнча шаар биринчилиги өттү

15-майда пневматикалык куралдан жана мылтыктан ок атуу боюнча Бишкек чемпионатынын ачылышы болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.
Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Эверестти багындырды

Кыргызстандык Эдуарт Кубатов Эверестке көтөрүлдү. Ал планетанын эң бийик чокусуна чыккан экинчи кыргызстандык болуп калды.
Артем Новиков 20 гектар жерге спорт шаарчасын түзүү долбоору ишке ашат деп үмүттөнөт

20 гектардан ашык аянттга "Спорт шаарчасын түзүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы, мурдагы биринчи орун басары Артем Новиков өзүнүн видео кайрылуусунда билдирди.
Кыргызстандын оор атлетчилери өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасы 21-майдан 31-майга чейин Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтүүчү өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат.
Бишкекте юристтер арасында биринчи шахмат боюнча мелдеши өтөт

"LEX" юридикалык фирмасы, Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясынын колдоосу менен, юристтер арасындагы шахмат боюнча чемпионатына катышууга чакырат.
Кыргызстандык спортчулар пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при лицензиялык мелдешинде 3 медалга ээ болушту

Пара жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов жана Адилет Камчыбеков Ноттвилде (Швейцария) 14-16-май күндөрү өткөн пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при лицензиялык мелдешинде 3 медалга (2 алтын, 1 коло ) ээ болушту.
"9*19* ок атуу спорттук комплекси эки жашта

Кыргызстандагы ок атуу спорту эки жашта. Аталган спорт 2019-жылы 19-май күнү өз ишин баштаган. Өлкө аймагында ок атуу спортунун эки багыты камтылган. Ок атуу (олимпиадалык дисциплина) – бул пневматикалык мылтык, тапанча жана майда калибрдүү мылтыктан атуу.
WTF таэквондо боюнча курама команда Азия лицензиялык мелдешке катышат

WTF таэквондо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү 21-22-май күндөрү Амман шаарында (Иордания) өтө турган Азия лицензиялык мелдешке катышат.
Кыргызстандык дзюдочулар кадеттер жана өспүрүмдөр арасында Азия Кубогунда 3 алтын медаль тагынышты

Кыргызстандык дзюдочулар 14-16-май күндөрү Алматы шаарында (Казакстан) өткөн кадеттер жана өспүрүмдөр арасында Азия Кубогунда 3 алтын медаль тагынышты.
ШКУнун Ысык-Көл IX эл аралык марафонунун жыйынтыктары

Бүгүн, 15-май күнү, Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) XXII Олимпиада оюндарынын марафон боюнча коло медалынын ээси Сатымкул Джуманазаровдун элесине арналган ШКУнун «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафону өттү.
ШКУнун Ысык-Көл IX эл аралык марафону старт алды

Бүгүн, 15-май күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) XXII Олимпиада оюндарынын марафон боюнча коло медалынын ээси Сатымкул Джуманазаровдун элесине арналган ШКУнун «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафону старт алды.
Дзюдо боюнча кыздар курама командасы өспүрүмдөр арасында Азия Кубогуна катышат

Дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын кыздар курама командасынынын мүчөлөрү 14-16-май күндөрү Алматы шаарында (Казакстан) өтө турган өспүрүмдөр арасында Азия Кубогуна катышат.
UWW Грепплинг боюнча өлкө чемпиондугу болот

UWW Грепплинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатты 29-30 май күндөрү Бишкек шаарында "Газпром" спорт комплексинде өтөт.
Улуу жеңишке 76 жыл

Бүткүл Кыргызстан бүгүн Улуу жеңиш күнүн белгилөөдө. 9-май - Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү болуп саналган Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөн күнү. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 22-июнда башталып, 1945-жылдын 9-майында СССР жеңишке жеткен. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында тутанып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси кызматтан кетти

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шамканов ээлеген кызматынан кетти.
Кыргызстандык дзюдочулар Казанда өткөн мелдеште катышат

5-7 май күндөрү Казанда дзюдо боюнча "Чоңшлем" турнири өтүп, ага Кыргызстандын спортчулары да катышат.
Өздүк майрамын белгилеген кыргыз спортчулары

Кыргыз спортчулары Айсулу Тыныбекова жана Эламан Нурболот уулу өздүк майрамың белгилөөдө.
Сурдо-Таэквондо турниринде кыргызстандыктар ийгиликке жетишти

Сурдо-таэквондо эл аралык турниринде Кыргызстандын командасы ийгиликке жетишти. Бул тууралуу команданын өкүлдөрү билдиришти.
Дмитрий Бивол WBA боюнча дүйнө титулун коргоду

Дмитрий Бивол WBA версиясы боюнча британиялык Крейг Ричардсты жеңип алды. 79,38 килограммга чейинки салмак категориясындагы күрөш калыстардын чечими менен Биволдун жеңиши менен аяктаган.
Спорттук күрөш боюнча лицензиялык дүйнө мелдешине катыша турчу спортчулардын тизмеси

Спорттук күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы 6-9-май күндөрү София шаарында (Болгария) өтө турган лицензиялык дүйнө мелдешине катышат.
Самбо жана күрөш боюнча мелдеш Ош шаарында бөлүп өттү

22-апрелде Ош шаарында 2010-жылдын апрель жана июнь айларында курман болгондордун жаркын элесине арналган ИИМдин кызматкерлери арасындагы күрөш жана спорттук самбо боюнча чемпионат аяктады.
Эмил Молдодосов Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 7-орунду ээледи

Кыргызстандык спортчу Эмил Молдодосов Ташкентте (Өзбекстан) өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында 7-орунду ээледи. Ал 21-апрелде 89 кг салмак категориясындагы (В тайпасы) мелдеште чыгып, анда жалпы эки спортчу аныкталды.
Кыргызстандыктар сууда сүзүү боюнча Казакстандын чемпионатында 11 медалга ээ болду

Кыргызстандын спортчулары Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 11 медалга ээ болушту. 13-17-апрелде Актөбө шаарында Казакстандын ачык чемпионаты болуп өттү.
Жантөрө Ташиев жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалды жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Жантөрө Ташиев Польшада өткөн бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалды жеңип алды. Ал 64 кг салмак категориясындагы мелдешке катышып, 1/16 финалдан баштаган.
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы Азия чемпионатында 4 медаль утту

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында 4 медаль жеңди.
Аина Маратова Ташкент шаарында өткөн фестивалда биринчи оорунду камсыз кылды

Жаш спортчу Аина Маратова Ташкентте өткөн эл аралык фестивалда биринчи оорунду камсыз кылды.
Дария Маслова Тажикстанда өткөн Эл аралык мелдеште алтын тагынды

Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова Тажикстанда өткөн Эл аралык жарым марафондун жеңүүчүсү болду.
Радион Хрипченко рейтингдик Дүйнө Кубогуна катышат

Заманбап спорттун беш түрү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Радион Хрипченко 7-11-апрель күндөрү (1-этап) жана 15-18-апрель күндөрү (2-этап) София шаарында (Болгария) өтө турган рейтингдик Дүйнө Кубогуна катышат.
Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Кыргызстандын дзюдо академиясынын ачылышына катышты

9-апрелде, Бишкек шаарында Кыргызстандын дзюдо академиясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер, Азия дзюдо союзунун президенти Обейд Аль Анзи, Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов жана Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов катышты.
Балбан Эрназар Акматалиев Алматы шаарында өткөн лицензиялык турнирде жеңишке жетти

Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Казакстанда өткөн лицензиялык турнирде Олимпиада оюндарына жолдомо алды. 6-9 апрель күндөрү Алматы шаарында эркин күрөш боюнча квалификациялык турнир өтүп жатат. Акматалиев эркин күрөш боюнча мелдешке 65 кг салмакка чейин катышты.