AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Кыргызстандыктар ок атуу боюнча Азия чемпиондугуна 3 коло медалга ээ болду

Кыргызстандын ок атуу боюнча улуттук курама командасы 10-20 -сентябрь күндөрү Шымкент шаарында (Казакстан) өткөн Азия чемпиондугунда 3 коло медалга ээ болду.

Турнирге дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн: Бахрейн, Индонезия, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Таиланд, БАЭ, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 200 спортчу катышты.

Мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, кыргызстандыктар бул сыйлыктарды 10 м пневматикалык тапанча (тапанча) командалык эсепте жана 10 м пневматикалык мылтык (мылтык) категориясында эркектер, өспүрүмдөр жана кыздар арасында утуп алышты.

Өспүрүмдөр арасындагы мелдеште 10 метр аралыкка (тапанча) үчүнчү орунду Санжарбек Эркинбаев, Аскат Токмоков жана Александр Кошелев, ал эми өспүрүм кыздар арасындагы мелдеште «10 м пневматикалык мылтык» категориясында үчүнчү жыйынтык Нагима Шайымбетова, Анастасия Щуковская жана Алиса Скоповская көрсөтүштү 

Белгилей кетсек, Бакберген Кубанычбеков, Артур Бунченко жана Данил Суровцев 10 метрге пневматикалык тапанча боюнча командалык эсепте өспүрүмдөр арасында коло медалга ээ болду.