AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Күрөш боюнча өспүрүмдөр курамасы дүйнө мектептери арасында өткөн мелдеште 10 медаль жеңди

Бүгүн, 16-сентябрь «Манас» эл аралык аэропортунда (Бишкек шаары) күрөш боюнча бүткүл дүйнөлүк мектептер арасы өткөн мелдешкте байгелүү орундарды ээлеген, Кыргыз Республикасынын 15 жашка чейинки (U 15) өспүрүмдөр курама командасын тосуп алышты. 

Иш-чарага Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары катышты. 

Нурланбек Исмаилов жана Жаштык дирекциясынын директору Урматбек Асанбаев курама команданын машыктыруучулары Рыскулбек Эгеев жана Рустам Ушуровду, жаш балбандарды жеңиши менен куттуктап, келечекте дагы ийгиликтер болуусун каалашты. 

Белгилей кетсек, мелдеш 12-14-сентябрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өттү. Жаш балбандар жалпы 10 медаль жеңди: 

Алтын: Данияров Салман (52 кг), Шамшидинов Сабит (57 кг), Сыргабай уулу Нурболот (85 кг). 

Күмүш: Хуриллаев Билол (38 кг), Хамдамов Ырысбек (41кг), Абдыбасыев Орозбек (44кг), Рысматов Куттубек (48 кг), Мамыров Муслим (68 кг), Джакыпбеков Бакыт (75 кг). 

Коло: Акылбек уулу Эржан (62 кг).

Булак: sport.gov.kg