AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Кеңешбеков жана Сатарова жарым марафондо жеңүүчү аталды

Кечээ 19 -сентябрь күнү борбор калаада эркектер жана кыз-келиндер арасында жарым марафону болуп өттү.

Иш-чара Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы, КРнын жеңил атлетика федерациясы, "Эл аралык марафондун дирекциясы" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган. Ошондой эле бул саамалыкка борбор калаанын муниципалитети, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети да колдоо көрсөткөн.

Токиодогу Олимпиада оюндарынын катышуучусу Нурсултан Кеңешбеков эркектер арасындагы биринчи орунду камсыз кылып, чемпиону аталды. Ал 21,1 км аралыкты 1 саат 7 мүнөт 13 секундда басып өттү. Илья Тяпкин менен Бердигул Айтпай уулу алдыңкы үч жеңүүчүнүн катарына кирди 

Ал эми кыз-келиндер арасында Гүлшана Сатарова жеңүүчү болду. Ал 21,1 км аралыкты 1 саат 14 мүнөт 44 секунда басып өткөн. Экинчи орунду Мария Коробицкая, үчүнчүнү Назира Бабаева ээледи.

Белгилей кетсек, жарым марафонго профессионал спортчулар, мүмкүнчүлүгү чектелген жана спорт ышкыбоздору катышкан. 

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында:

1. Нурсултан Кенешбеков - 1 саат 7 мүнөт 13 секунд

2. Илья Тяпкин - 1 саат 7 мүнөт 42 секунд

3. Бердигул Айтпай уулу - 1 саат 14 мүнөт 6 секунд

4. Исламбек Махмедов - 1 саат 14 мүнөт 23 секунд

5. Суйунбек Кубанов - 1 саат 16 мүнөт 58 секунд

6. Руслан Минадиров - 1 саат 17 мүнөт 1 секунда

Кыз-келиндер арасында:

1. Гулшаной Сатарова - 1 саат 14 мүнөт 44 секунд

2. Мария Коробицкая - 1 саат 16 мүнөт 30 секунд

3. Назира Бабаева - 1 саат 44 мүнөт 54 секунд

4. Айдина Осмонова - 1 саат 47 минут 28 секунд

5. Жанара Койчуманова - 1 саат 50 мүнөт 17 секунд

6. Жамиля Орозова - 1 саат 54 мүнөт 13 секунд