AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Кыргыз мушкери Валентина Шевченко Лоренс Мерфиге каршы беттеш өткөрөт

25-сентябрдан 26-сентябрга караган түнү Лас-Вегаста (Невада, АКШ) UFC 266 турнири өтөт. Анда кыргызстандык жеңил салмактагы мушкер Валентина Шевченко Лорен Мерфиге каршы беттешет.
Чемпион Валентина Шевченко эгерде дагы жеңе турган болсо, анда UFCдеги коргонуу саны Ронда Розиге салыштырылат.
 
Шевченко бул беттешине ийгиликтүү даярдануу үчүн UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Брендон Морено менен машыгууларды өткөргөн.
 
Бул турнирдин негизги беттешинде орто жеңил салмактагы чемпион Александр Волкановский чемпиондук наамын Брайан Ортегага каршы беттешет.