AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Кыргызстанда биринчи жолу триатлон боюнча Азия чемпионаты өтөт

17-19-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата  (Ысык-Көл облусу) шаарында кесипкөй спортчулар жана U15 (13-15 жаштагы) өспүрүмдөр арасында триатлон боюнча Азия чемпионаты өтөт. 


Чемпионатка жалпы 9 өлкөдөн: БАЭ, Япония, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Палестина, Иордания, Бахрейн жана Кыргызстандан келген 57 кесипкөй спортчу катталды.

Чемпионаттын программасы:
17-сентябрь- Катышуучуларды тозуп алуу жана тааныштыруу иштери;
18-сентябрь- Чоңдор жана өспүрүмдөр арасы мелдештер;
Элита категориясы, дистанция спринт (кесипкөй спортчулар арасында ): 750 метр (сүзүү) 20 км (велосипед), 5 км (чуркоо);
U15 категориясы- дистанция Супер Спринт (13-15 жаштагылар арсында): 300 м (сүзүү), 8 км (велосипед) 2 км (чуркоо).
  19-сентябрь- сүйүүчүлөр арасында мелдештер;
Дистанция Олимпик: 1,5 км (сүзүү), 40 км (велосипед), 10 км (чуркоо); Дистанция Супер Спринт: 300 м (сүзүү), 8 км (велосипед), 2 км (чуркоо).
Сууда сүзүү боюнча мелдештер Ысык-Көл акваториясында, вело жарыш Чолпон-Ата – Бостери трассасында, ал эми чуркоо «Каприз» эс алуу борборунда өтөт.
Азия чемпионатын KyrgyzSport TV, TV1KG и TriathlonLive.kg каналдарынан түз эфирде көрсөңүздөр болот.
Булак: sport.gov.kg