AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

КМШ оюндары: Калыс Нурланбек уулу каратэ боюнча КМШ Оюндарынын чемпиону аталды

 Каратэ боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Калыс Нурланбек уулу, Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында алтын медаль тагынды.
Нурланбек уулу Калыс 67 кг салмак категорияда күч сынашкан.
Биринчи күнү, Россиялык спортчу менен беттешип 5:1 эсебинде жеңген. Ал эми жарым финалдык беттеште Беларуссиялык спортчуну 3:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган эле.
 
Финалдык беттеште спортчунун атаандашы татамиге чыкпагандына байланыштуу кыргызстандык спортчу автоматтык түрдө жеңүүчү аталды. 
Каратэ боюнча курама команда улук машыктыруучу Бакыт Дүйшеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты. 
 
Белгилей кетсек, бүгүн КМШ Оюндарынын алкагында мелдештер жыйынтыкталып жатат.