AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Турсунбек Асылгазиев жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык спортчу Турсунбек Асылгазиев жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону аталды. Мелдеш Украинанын Киев шаарында өтүп жатат.  Турнирде ал комбат жиу-житсу  түрү боюнча 92 килограмм салмак категориясында күч сынашкан.

Финалдык беттеште казакстандык Бейбит Закиров менен беттешип, жыйынтыгында колун кайруу ыкмасы менен жеңилүүгө аргасыз кылган. 

Финалгалга чейинки беттеште Абылгазиев франциялык, украиналык спортчуларды таза артыкчылык менен уткан.

Турсунбек Асылгазиев ММА спортунун да чебери, ал 2017-жылы JFC уюмунда дүйнө чемпиону болгон.

Мындан сырткары, ал 2010-жылы панкратион боюнча Москва шаарынын чемпионатында учурдагы UFC уюмунун жеңилбес чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен үч раунд беттешкен. Калыстардын чечими менен жеңиш дагестандык спортчуга ыйгарылган эле.