AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Бүткүл дүйнөлүк мектеп оюндарынын алкагында кыргыз балбандары байгелүү орундарга жетишти

12-14-сентябрь күндөрү Белградда (Сербия)  Дүйнөлүк мектеп окуучуларынын арасында чемпионат болуп өттү.

Маалыматка ылайык, Санатбаев атындагы спорт мектебинин спортчулары Нурболот Сыргабай уулу менен Сабит Шамшединов 15 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында дүйнө чемпиону болуп, эки алтын медалга ээ болду.

Ленин районунун спорт мектебинин жана Свердлов районунун Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин окуучулары грек-рим күрөшү боюнча байгелүү орундарды камсыз кылган.


52 кг салмак категориясында:

Данияров Салман  - алтын медаль

75 кг салмак категориясында:
Жакыпбеков Бакыт - күмүш медаль

62 кг салмак категориясында:
Акылбек уулу Эржан - коло медаль