2022-05-17
Жаңылыктар
Волейбол: Наманган шаарында 19 жашка чейинки кыз-келиндер арасында Борбор Азия чемпионаты өттү

24-31 октябрь күндөрү волейбол сүйүүчүлөрүнүн көзү Наманган шаарына багытталды. Наманган курулуш инженердик институтунун спорт комплексинде 19 жашка чейинки кыздар арасындагы Олимпиада чемпиону Лариса Павлова байгеси үчүн Орто Азия чемпионаты өттү.
"Мектеп лигасы" старт алды

28-октябрь күнү Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо «Мектеп лигасы» улуттук программасынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Уюштуруучулар – Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, КР Билим берүү министрлиги жана Мектеп лигасы федерациясы.
Белбоо күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпиондугунда 10 медаль тагынды

Алыш күрөшү боюнча Казань шаарында Дүйнө чемпионаты өттү. Мелдеш 27-октябрь күнү башталып, бүгүн 30-октябрда жыйынтыкталат.
Грепплинг боюнча дүйнө чемпионатында Төрөхан Багынбай уулу күмүш медаль тагынды

Грепплинг дүйнө чемпионатында "Gi" дисциплинасы боюнча 77 кг салмак категориясында катышып жатат Төрөхан Багынбай уулу күмүш медаль тагынды. Ал финалдык беттеште Испаниялык балбан Фернандо Николас Медина Вернерге каршы күрөшкөн. Жыйынтыгында 3:2 эсебинде атаандашынын пайдасына чечилди.
Грепплинг боюнча дүйнө чемпиондугу башталды

Грепплинг дүйнө чемпионаты 28-октябрда Белградда башталды. Мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстандан 3 спортчу килемге чыкткан.
Денис Петрашов Дүйнө чемпионатында 10-орунду ээледи

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Орусияда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында 10-орунга ээ болду.
Өзбекстандагы эң бай адамдардын бири кыргыз балбандарын өз үйүндө коноктоду

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы (U-23) Өзбекстандын Ташкент шаарында окуу-машыгуу өткөрүп жатат.
Борбордук Азия чемпионаты (U-19): Кыргызстандык валейболчулар Өзбекстанга утулуп калды

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы (U-19) Өзбекстанда өтүп жаткан Азия зоналдык чемпионатында жеңилүү менен башталды.
Тыныбекова баш болгон балбандарга Таласта сый көрсөтүлдү

Кечээ 27-октябрда, Токио Олимпиадасында ийгилик жараткан балбандар менен машыктыруучулар Таласка чакырылып, аларга сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Суучул Денис Петрашов Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатта бешинчи орунду камсыз кылды

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Катарда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө кубогунда 5-орунга ээ болду.
Валейбол: Кыргызстандын 19 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы Азиянын зоналдык чемпионатына катышат

Кыргызстандын волейбол боюнча 19 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы Өзбекстанда өтө турган Азия зоналык чемпионатына катышат.
Бишкекте дагы бир веложүрүш өтөт

Эртең 23-октябрь күнү Бишкекте веложүрүш өтөт. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Кыргызстандык гимнаст дүйнөлүк чемпионатка катышат

Көркөм гимнастика боюнча Дүйнө чемпиондугу 27-31октябрь күндөрү Японияда өтөт. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматы билдирди.
Жаныбек Бейшенбек уулу мөөнөтүнөн мурда атаандашын жеңди

16-октябрь күнү борбор калаада Газпром спорттук комплексинде WBC муай-тай версиясы боюнча Республикалык чемпионат өттү. Мелдешке WBC Улуттук чемпиондук курунун жеңүүчүлөрү Бейшебек уулу Жаныбек, Никита Цой, Мустафокулов Мухамедшах жана Инаятов Азиз да катышкан.
Бишкекте таэквондо боюнча мелдеш өттү

17-октябрь күнү Бишкекте таэквондо боюнча Бишкек шаарынын федерациясынын Кубогу үчүн турнир болуп өттү.
Бишкекте Республикалык күзгү жеңил атлетика кроссу өтөт

23-октябрь күнү Бишкек шаарында (Карагачевая роща) Республикалык күзгү жеңил атлетика кроссу Жогорку, орто кесиптик окуу жайларынын студенттери жана жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын катышуусунда өтөт.
Балбан Айпери Медет кызы Сербияда өтө турган дүйнө биринчилигине катышат

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сербияда өтө турчу 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат.
Төрөхан Багынбаев джиу-джитсу боюнча Орусияда өткөн мелдеште жеңүүчү болду

Кыргызстандык спортчу Төрохан Багынбаев ACBJJ версиясы боюнча джиу-джитсу боюнча Россиянын ачык чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.
Эртең Бишкекте муай-тай боюнча беттеш өтөт

Эртең 16-октябрь күнү WBC муай-тай версиясы боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт.
Дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиев депутаттыкка талапкерлигин койду

Кыргыз спортчусу, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз калтырган. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды спартакиадага чакырат

22-октябрь күнү саат 15:00дө Бишкектеги ден соолук паркында спорттук фестиваль өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Грепплинг боюнча Республикалык чемпионат жыйынтыкталды

2-3 октябрь күндөрү Бишкек шаарында Газпром спорттук комплексинде UWW Грэпплинг федерациясы тарабынан республикалые чемпионаты болуп өттү.
Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунга чыкты

Күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде Айпери Медет кызы 4-орунга чыкты. Жаңыланган рейтинг Норвегияда октябрдын башында өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы менен чыккан.
Бишкекте таэквондо боюнча турнир болуп өттү

10-октябрь күнү Бишкекте "Газпром" спорт комплексинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата ITF боюнча таэквондо боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты болуп өттү.
Спорттук күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Кечээ 12-октябрь, «Манас» эл аралык аэропортунда (Бишкек шаары) спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча курама команданы тосуп алышты.
Калыс Мейрамбек Ахметов эл аралык карьерасын жыйынтыктады

Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун кыргызстандык экстра-класстагы калысы Мейрамбек Ахметов эл аралык карьерасын жыйынтыктады.
Кечээ "Күз деми" марафону болуп өттү

Кечээ 10-октябрь күнү Бишкекте Күз деми эл аралык марафону өттү. Аталган марафон бешинчи ирет өтүп жатат. Жарыштын катышуучулары "Манас" аэропортунан баштап "Аска -Таш" мемориалдык комплекси боюнча 5, 10, 21 жана 42 км аралыкты басып өттү. Марафондун алкагында балдар жарышы да өткөрүлүп, ага 3-16 жашка чейинки балдар катышты. Иш-чаранын эң жаш катышуучусу 3 жашта болсо, эң улуусу 87 жашта.
Балбан кыз Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга чыкты

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде алтын медалнын ээси, дүйнө чемпиону болгон Мээрим Жуманазарова Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 68 килограмм салмак категориясы боюнча экинчи орунга көтөрүлдү.
Александр Заваринский "Делфин" спорт мектебинин директору болуп дайындалды

Александр Юрьевич Заваринский «Дельфин» спорт мектебинин директору болуп шайланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Дүйнө чемпиондугу: Балбан кыздар Бишкекке учуп келди

Кечээ 9-октябрь күнү Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Бишкекке учуп келди.