AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Самбочу Жамалбек Асылбек уулу Дүйнө чемпионатында алтын утту

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жамалбек Асылбек уулу Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Спортчу 88 кг чейинки салмакта спорттук самбо боюнча катышып, алгач 1/16 финалдык беттеште гондурастык спортчуну утса, 1/8 финалдык беттеште түркмөнстандык балбанды жеңген.

Чейрек финалда беларустук спортчуну жеңип, жарым финалдык беттеште армениялык балбанды утуп, финалга жолдомо алган.

Ал эми чечүүчү финалдык беттеште казакстандык балбанды жеңип, Дүйнө чемпиону аталды.

Белгилей кетсек, буга чейин самбочулар Белек Бараканов күмүш, Саяк Бараканов жана Бекболот Токтогонов коло медаль уткан.