AUCA the best 2

2024-05-03

Жаңылыктар

Кыргызстандык спортчулар универсалдуу мушташ боюнча Дүйнө чемпионатында 4 медаль утту

Кыргызстандык спортчулар универсалдуу мушташ боюнча Дүйнө чемпионатында 4 медаль утту. Бул тууралуу Универсалдуу мушташ федерациясынан билдиришти.

UNIFIGHT версиясы боюнча чемпионат үстүбүздөгү жылдын 26-31-октябрь күндөрү Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн.

Кыргызстандын курама командасынын куржунунда 4 коло медаль бар:

  • Тенти уулу Сыймык (70 кг);
  • Жеңишбек Мамбетов (75 кг);
  • Нурбек Айдаров (80 кг);
  • Азат Иманкулов (100 кг).