AUCA the best 2

2024-05-03

Жаңылыктар

№69 мектеп-гимназиясына караштуу бассейн параспортчуларга ылайыкташтырылат

КР триатлон федерациясынын президенти Чыңгыз Алканов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында №69 мектеп-гимназиясына караштуу бассейн параспортчулар үчүн жабдыла турганын билдирди.

Анын айтымында, триатлон федерациясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тутуму аркылуу №69 мектеп-гимназиясында жайгашкан бассейнди башкарууга укук алды.

"Азыркы учурда биз азиз спортчулар үчүн толук жабдуудабыз. Спортчуларга жол көрсөтүүчү атайын плиткалар сатылып алынып, төшөлөт, бул машыгуу процессин жеңилдетет. Мындан тышкары, кенен тешиктер жана атайын пандустар болот, анын аркасында коляска менен жүргөн спортчулар кийим алмаштыруучу жайга өз алдынча барып, чечине алышат. Ошондой эле атайын жабдылган ванна жана душ болот. Ошол эле учурда бассейнге атайын кран орнотулуп, ал спортчуларды сууга көтөрүп, түшүрөт", - деди ал.

Алканов долбоордун сметалык баасы 500 миң АКШ долларын түзөөрүн, азыркы учурда 250-300 миң доллар өздөштүрүлгөнүн белгиледи. Бассейнди 2024-жылы кышында ачуу пландалууда.

Булак: kabar.kg