AUCA the best 2

2024-05-03

Жаңылыктар

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү

28-октябрда чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын биринчи чемпиондугу болуп өттү. Ага “Чүй”, “Жалал-Абад”, “Ысык-Көл”, “Нарын”, “Бишкек” жана “Дордой” болуп, жалпы алты команда катышты.

Тандоо баскычында командалар эки топко бөлүнүп, ар бир команда экиден оюн өткөрдү. Финалда “Чүй”, “Дордой”, “Ысык-Көл” жана “Нарын” командалары күч сынашты.

Натыйжада, 3-орун үчүн “Ысык-Көл” жана “Дордой” командалары беттешип, «Дордой» командасы жеңүүчү аталды. Сыйлык тапшыруу аземинде “Дордой” командасынын капитаны 3-орунду атаандашы “Ысык-Көл” командасына берүү ниетин билдирди. Ал спорттук сапарын жаңыдан баштап жаткан командага ыйгаруу – аларга дем берип, мындан аркы жеңиштерге шыкак берип, адилеттүү да болорун белгиледи. Бул командалык чечим уюштуруучулар жана калыстар тарабынан колдоого алынып, 3-орун “Ысык-Көл” командасына берилди.

Финалда Нарындын командасы Чүй облусунун командасын утуп, чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын биринчи чемпиону болду.

Бардык жеңүүчү командаларга кубок, чемпиондук медаль жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Чемпионаттын жабылуу аземинде чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын президенти Кубан Атагараев мелдештин катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

“Биз баарыңыздарды чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргыз Республикасынын алгачкы тарыхый чемпиондугунда көргөнүбүзгө кубанычтабыз. Биздин демилгени колдоп, ишке ашуусуна колдоо көрсөткөн демөөрчүбүз “Каганат” коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Нургалы Сагынбекович Асаналиевге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Машыктыруучуларга, спортчуларга, калыстарга, досторго, конокторго ыраазымын. Кыргызстанда чөп үстүндөгү хоккейдин өнүгүшүнө ар бириңиздердин кошкон салымыңыздар маанилүү!”, - деди Атагараев.  


Турнирдин коноктору чөп үстүндөгү хоккей боюнча өткөн алгачкы биринчилик жөнүндө ой бөлүштү.  

Ишкер Аскар Адылканов:

“Бул спорттун олимпиадалык түрү болгондуктан, аны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Дал ушул олимпиадалык спорт түрлөрүнө артыкчылык берилиши зарыл. Мен бул спорт күйөрманы катары Хоккей федерациясына жана анын президенти Кубан Атагараевге колдоо көрсөтүп келдим. Федерациянын перспективасы чоң, алдыга дымактуу пландарды коюп жатышат.  Бул чемпионаттын жыйынтыгы менен улуттук курама команда түзүлүп, эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтыктарга жетип, кыргыз желегин желбиретет деген үмүттөмүн. Балдардын спорттун бул түрүнө аябай кызыгып жатканын көрүп чынында таң калдым. Анткени балдар көбүнчө күрөшкө, футболго, бокска кызыгышат эле. Бул бир чети таң калыштуу, бир чети жагымдуу болду”.

Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Сагынбаев:

“Бизде өнүктүрө турган спорттун түрлөрү көп, анын ичинде олимпиадалык спорт түрлөрү мамлекеттин жана министрликтин артыкчылыктуу багыты болушу зарыл. Эң негизгиси баштап алуу керек, беш жылдан кийин жыйынтык такыр башкача болот. Мисалы, бильярдда да чемпион болбойт дечүбүз. Бирок, натыйжа таптакыр башкача болду. Шакирттерди да өстүрдүк, алар дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуп, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, бильярд боюнча рейтингде биринчи орунга чыга алышты. Мына азыр бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионаттарды өткөрүп жатабыз. Келерки жылдын февраль-март айларында Бишкекте 19 жашка чейинки кыздар жана балдар арасында бильярд боюнча дүйнө чемпионаты, андан кийин чоңдор арасында дүйнө чемпионаты өтөт. Бишкекте бильярд фестивалы болот. Чөп үстүндөгү хоккейдин да келечеги жакшы деп үмүт кылам. Ийгиликтерди каалайм”.

Аман Алиев, башкы машыктыруучу:

“Бул биринчиликке Кыргызстандын бардык облустарынан командалар келишти. Максатыбыз – спорттун бул түрүн Кыргызстанга пропаганда кылуу. Азия оюндарында жакшы натыйжа көрсөтөлү деп даярданып жатабыз. Англия, Германиядан атайын адистерди чакырганбыз. Машыгуулар өз нугунда жүрүүдө. Машыктыруучулар арасында семинарлар уюштуруп, тажрыйба алмашуу максатында чет өлкөлөргө баруу пландалган. Учурда федерацияда 20 машыктыруучу иштейт. Бишкек шаары боюнча 300гө чукул бала машыгат. Андан сырткары аймактарда да машыккан балдар бар. Региондогу машыктыруучулар менен иш алып баруу иш-чараларын өткөрөбүз. Ар бир облуста биринчиликтерди өткөрүп, ар бир облустун командасын түзүү – жакынкы келечекке койгон максатыбыз”.