AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Пара Азия оюндары: Хайитхон Хусан кызы финалга чыкты

Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Ханчжоу шаарында (Кытай Эл Республикасы) өтүп жаткан Пара Азия оюндарынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 48 кг чейинки салмакта катышып жатат. Алгач ½ финалдык беттеште индонезиялык балбанды жеңди. Алтын медаль үчүн беттеште жапониялык балбан менен күч сынашат.

Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:00 дө башталат.

Белгилей кетсек, 20-30-октябрь күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Пара Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн (жеңил атлетика,пауэрлифтинг,теннис,сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 27 спортчу катышууда. Мындан сырткары, курама командада машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медицина кызматкерлери бар.