AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Бектен Эркебай уулу Еревандагы Дүйнө чемпионатында коло утту

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бектен Эркебай уулу Ереван шаарында (Армения) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Спортчу 88 кг чейинки салмакта күжүрмөн самбо боюнча катышып алгач 1/8 финалдык беттеште франциялык спортчуну утса, 1/4 финалдык беттеште жаңы зеландиялык балбанды жеңген.

Жарым финалдык беттеште армениялык балбанга утулуп жыйынтыгында коло байге уткан.