AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Кыргызстандык эки балбан эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алмазбек Сманбеков жана Алибек Осмонов Тараз шаарында (Казакстан) өткөн Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 57 кг чейинки салмакта катышкан Алмаз Сманбеков 1-орунга татыды. Ал эми 70 кг чейинки салмакта Алибек Осмонов дагы финалдык беттеште казакстандын балбанын жеңип, алтын медалды багындыра алды.

Белгилей кетсек, Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеш 3-5-ноябрь күндөрү Тараз шаарында өттү.