AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Пара Азия оюндары: Хайитхон Хусан кызы алтын медаль жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Хайитхон Хусан кызы Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Хусан кызы азиздер арасында дзюдо боюнча 48 кгчейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/2 финалдан старт алган.

Спортчу Индонезиянын өкүлү Новиа Ларассатини иппон менен утуп алды. Ал эми финалдык беттеште япониялык Хангай Шизуканы 1 мүнөт 26 секундда иппон менен утуп, алтын медаль тагынды.

Маалым болгондой, бул медаль Кыргызстан үчүн быйыл Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында, ошондой эле өлкөнүн тарыхында Пара Азия оюндарында биринчи болуп калды.

Белгилей кетсек, 20-30-октябрь күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Пара Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн (жеңил атлетика,пауэрлифтинг,теннис,сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 27 спортчу катышууда. Мындан сырткары, курама командада машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медицина кызматкерлери бар.