AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Кыргызстанстандык жуптар спорттук бий боюнча дүйнө биринчилигин утту

Кыргызстандык бийчи жуптар Владимир Вырлеев и Мария Прошлецова жаштар арасында латын программасы боюнча Арменияда өткөн дүйнө чемпионатын жеңип алышты. Бул тууралуу КР Спорттук бий федерациясынын президенти Сергей Титунин билдирди.

Дүйнөлүк биринчилик 11-12-ноябрда Ереванда Armenian Open — 2023 спорттук бал бийи боюнча эл аралык турнирдин алкагында Бүткүл дүйнөлүк бий спорт федерациясынын (WDSF) колдоосу астында өттү.

Ага дүйнөнүн Америка, Кытай, Франция, Италия, Латвия, Польша, Португалия, Япония, Казакстан жана башка Европа жана Азиядан 25 ашык өлкөнүн бийчилери катышты.

"Жаштар, Латин" категориясында дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 58 жуп менен атаандашкан кыргызстандык жуптар Владимир Вырлеев и Мария Прошлецова биринчи орунду ээлеп, дүйнө чемпиону аталышты.

Федерациядан белгилегендей, спортчулар мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, Кыргызстандын бий спортунун тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиону болушту.