AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Талас облусунда жаңы көп функционалдуу спорт комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында жаңы көп функционалдуу “Асыл” спорт комплексин ачты.

Спорттук-ден-соолукту чыңдоо комплексинин имараты жалпы аянты 0,5564 га жер тилкесинде жайгашып, бардык зарыл административдик-коммуналдык жайлар жана спорт зал менен камсыздалган. Ал машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган. Комплекс спорттун ар кандай түрлөрү боюнча күнүмдүк жана мезгилдүү ден соолукту чыңдоо жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган. Тактап айтканда, баскетбол, волейбол, футзал, күрөш, бокс жана башка секцияларга катышуу үчүн залдары бар.

Президент Садыр Жапаров бул жакшы саамалык менен куттуктап жатып, "Асыл" спорт комплекси ден соолуктун булагы болуп, райондун, облустун жана жалпы өлкөнүн спорттук жетишкендиктерине өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы райондо болуп жаткан жаңы ийгиликтердин ичинен ушул спорт комплекстин ачылышына токтолуп, районго Айтматовдун ысымынын ыйгарылышы тууралуу кыскача айта кетти.

“Көпчүлүк элдин өтүнүчү аткарылып, Талас облусунун бул районуна залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун аты мыйзам чегинде берилди. Улуттук идеологиябызды чыңдоодо, жаштарды мекенчилдик дем менен тарбиялоодо кыргыздын уулу деп сыймык менен атай турган планетардык жазуучубуз элибиздин ар убак эсинде калып, тилинде болуп, күндөлүк жашоо-турмушун коштоп, сакталып калышы зарыл. Дүйнө билген, миллиондогон адамдар чыгармаларын барктап окуган классик жазуучубуздун атын татыктуу алып жүрүү жергиликтүү элге ары сыймыктануу менен катар ары жоопкерчилик экенин эч убакта эсиңиздерден чыгарбаңыздар”, - деп, президент Айтматов районуна мындан аркы өнүгүү каалады.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө аймактагы төө буурчак жана сүт азыктарынан жасалган продукцияларды эң көп экспорттогон бул райондогу алгылыктуу оң өзгөрүүлөрдү айтып берди. Анын ичинде миңдеген гектар айдоо аянттарын сугат суусу менен камсыз кылуу максатына миллиондогон каражаттар бөлүнүп, “Сарымсак”, “Бактуу-Ногой” каналдары курулуп жатат. Ошондой эле ал айыл аймактарынын жер тилкелери трансформацияланып, район аймагына кичи ГЭСтерди салуу иштери мерчемделгенин айтты. Бүт өлкө боюнча, анын ичинде Айтматов районунда мектептердин менен бала бакчалардын курулушу байма-бай ишке ашырылууда. Бир топ маданий объектилер толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп берилди.

Мамлекет башчысы учурдан пайдаланып, райондун жигердүү жаштары демилге көтөрүп, демөөрчү издеп, спорт тармагынын алдыга жылышына өз салымдарын кошуп жатканын абдан кубануу менен баса белгиледи. Бүгүнкү ачылып жаткан “Асыл” спорт комплекси дагы – дал ушундай демилгенин жыйынтыгы.

Буга байланыштуу район борборунун жаштарынын кайрылуусун четке какпай, түрдүү спорттук иш-чараларды өткөрүү шарттары бар заманбап комплексти жеке эсебинен куруп берген “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевге ыраазычылык билдирди.

“Мамлекетибиздин алган багытын колдоп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон, Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган мындай жоомарт жарандарыбыз көп болсун. Бул жакшы саамалык мындан ары да уланып, салтка айланып кетет деген үмүтүм чоң. Өлкөбүздө ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып жаткан Болот Абилдаевден үлгү ала турган миллионерлер көп, алар дагы элге жакшылык кыла алышмак”, - деп, президент жаштардын демилгесин андан ары улап, комплекстин курулушуна жер тилкесин бөлүп, колдоо көрсөткөн жергиликтүү бийлик жетекчилеринин эмгегин да айта кетти.

Мамлекет башчысы эң башкысы, мындай демилгелүү жаштардын болушу - келечекте көптү үмүттөндүрөрүн белгиледи. Бүгүнкү күндө келечекти ойлонгон жаштардын демилгелери, креативдүү ой жүгүртүүсү, күндүн күрөө тамырын кармай билип, заманга болгон жаңыча көз карашы, идеясы абдан маанилүү. Мындай жаштардан жеке эле спорт тармагын эмес, туризм, маданият, билим берүү, айыл чарбасы, экономика чөйрөсүн өнүктүрүүгө мыкты сунуштар чыгат.

Намысты туу туткан чыгаан спортчулар, төгөрөгү төп келген төкмө акындар, калеми курч жазуучулар, илимпоздор, ишкерлер чыккан, Айкөл Манас атабыздын руху менен тыгыз байланышкан - касиеттүү Талас жергесинин тургундары.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров ушул “Асыл” спорт комплексинин ачылышы анын “Инсандын руханий, адеп-аклактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө чыгарган алгачкы Жарлыгынын уландысы экенин эске салды. Кыргызстандын атын чыгарган, желегин желбиреткен спортчуларды даярдаган кесипкөй мектеп болушун каалады. Мамлекет башчысы район калкынын саламаттыгын чыңдоого көмөктөшүп, жергиликтүү жаштардын кыргыз наркын сактап, туура жолдо тарбиялануусуна өбөлгө болгон куттуу жай болооруна ишенимин билдирди.

Сөз сүйлөгөндөн кийин президент Садыр Жапаров “Асыл” спорт комплексин, машыгуу залдарын жана ага жанаша жайгашкан аймагын кыдырып, ошондой эле бул комплексте машыга турган жаш спортчулар менен баарлашып, аларга жаңы ийгиликтерди каалады.