AUCA the best 2

2024-05-03

Жаңылыктар

Дзюдочу Асад Масабиров эл аралык турнирде 7-орунду ээледи

Кыргызстандык дзюдочу Асад Масабиров БАЭде өткөн эл аралык турнирде 7-орунга ээ болду. Ушул күндөрү Абу-Дабиде кезектеги  Abu Dhabi Grand Slam 2023 сериясындагы “Чоң шлем” турнири өтүп жатат.

Масабиров 25-октябрда 81 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/32 финалдык баскычтан баштаган. Кыргызстандык 3 жолу катары менен жеңишке жетип, чейрек финалга чыкты.

Чейрек финалда Масабиров италиялык спортчуга кабыргасы сынып, жеңилип калды. Ал жаракатынан улам кайталоочу турнирдин биринчи айлампасына чыккан жок.

Жыйынтыктоочу протоколдо кыргызстандык 7-орунду ээледи.

Кубанычбек Айбек уулу 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, бир жеңишке жетип, 1/16 финалда жеңилип калган.