AUCA the best 2

2024-05-03

Жаңылыктар

Кыргызстандык спортчу дүйнө биринчилигинде коло тагынды

Кыргызстандык спортчу Ырыскелди Максатбек уулу 23 жашка чейинки спортчулар арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Турнир Албанияда өттү.

Максатбек уулу 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдан баштаган.

Кыргызстандык Германиянын жана Армениянын спортчуларын экиден жеңип, жарым финалга чыгып, Молдованын өкүлүнө утулуп калды.

Финалдык 3-орун үчүн болгон күрөштө Максатбек уулу сербиялык спортчуну 8:0 эсебинде жеңип, коло медалдын ээси болду.

Бул медаль кыргыз курамасы үчүн Албанияда өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү медаль болду. Буга чейин эркин күрөштүн өкүлдөрү эки коло медаль тагынышкан.