AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Кыргызстандын футбол боюнча 2021-жылдагы кубогуна Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу ээ болду.

Кыргыз футбол бирлиги билдиргендей, кечээ, 18-сентябрь күнү Баткен шаарындагы борбордук стадиондо өткөн финалдык беттеште Кочкор-Атанын командасы Бишкектин “Алга” клубу менен беттешти. Оюндун негизги убакыты 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, пенальти тебүүдө “Нефтчи” клубу алдыга чыкты (4:2).
Ушуну менен "Нефтчи" клубу Кыргызстандын кубогуна ээ болду. Быйылкы башкы олжо үчүн премьер-лигада, улуттук лигада жана экинчи лигада ойногон 16 команда ат салышты.