AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Мээрим жана Сезим Жуманазаровалар элге бата той беришти

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында коло байге жеңген кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова менен анын сиңдиси жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон Сезим Жуманазарова Бишкектеги тойканалардын бирине жакындарын чакырып, Бата той беришти. Бул тууралуу аталган спорттчулар видео сүрөттөрдү өзүнүн инстаграмм барчасына жүктөгөн.
Тойду ырчы Гүлзада Рыскулова «Курманбек дастаны» менен ачып берген. Бата тойго шоу бизнес өкүлдөрү жана спортчулар катышкан. Белгилей кетсек, 22 жаштагы балбан Мээрим Жуманазарова Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалына ээ болгон. Ал эми анын бир тууган сиңдиси Сезим Жуманазарова Жаштар арасында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган.